Skip to main content
KGIF Logo
Кыргыз Жашыл Инфраструктура Фонду
Flag of Kyrgyzstan
KGIF делегациясы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктеги жолугушууда климаттык маалыматтарды сунуштоодо
Жаңылыктарга кайтуу
Пресс-релиз 12-февраль, 2026 4 мүн окуу

Жашыл энергетика жана агроөнөр жай тармагындагы долбоорлор талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Кыргыз жашыл инфраструктура фонду" Коомдук фондунун делегациясы, ошондой эле Sino American Global Fund компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Талкуунун негизги маселелери

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кайра жаралуучу энергия булактары жана туруктуу агроөнөр жай өндүрүшү тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Балыкчы шаарында күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбооруна, ошондой эле 50 гектар аянтта заманбап күнөскана-фабрика түзүү долбооруна бурулду.

300 MW
Capacity
50 ha
гектар
2030
Кызматташтык жана мамлекеттик колдоо

Кызматташтык жана мамлекеттик колдоо

Жолугушуунун алкагында кызматташтык, мамлекеттик колдоо маселелери, инвестициялык шарттар жана долбоорлорду мындан ары иштеп чыгуу боюнча кадамдар каралды.

"Инвестицияларды тартуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнү модернизациялоого өбөлгө түзгөн стратегиялык артыкчылык болуп саналат. Мамлекет тарабынан бизнести коргоо, салык жана бажы саясатын либералдаштыруу, ошондой эле алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон ишкердик чөйрөнү калыптандыруу боюнча ырааттуу чаралар көрүлүүдө. Инвестициялар жана МЖӨ боюнча негизги мыйзамдар кабыл алынды, Улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды, 2030-жылга чейинки инвестициялык стратегия иштелип чыгууда. Бул кадамдардын бардыгы инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык борборлордун бирине айландырууга багытталган."

Равшанбек Сабиров
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси

Жогорку потенциал белгиленди

Тараптар Кыргыз Республикасынын "жашыл" энергетиканы өнүктүрүүдө жана айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүүдө жогорку потенциалы бар экенин белгилешти. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу түз чет элдик инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджеттин салыктык түшүүлөрүн көбөйтүүгө, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыктары

Жыйынтыгында артыкчылыктуу инвестициялык демилгелерди коштоп жүрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдык билдирилип, ошондой эле эл аралык финансылык жана инвестициялык түзүмдөр менен өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуу галереясы

NIA officials at the meeting
Delegates in discussion
Meeting participants
Climate data presentation
Meeting overview
NIA delegation

Булак: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик. Түпнуска макаланы окуу